Меню
Эл-Сөздүк

КАРА НОГОЙ

КАРА НОГОЙ — этноним. Эпосто кыргызга канатташ жашаган уруулардын бири. Көпчүлүк эпизоддордо К. н. белгилүү каармандардын уруусу катары сүрөттөлөт: «Кара Ногой Жамгырчы, Сары Ногой Эр Манас (Радлов жазып алган вариант, 7). «Манаста» К. н. жана Сары ногой тууралуу маалыматтар, тарыхый болмуш көркөм формада чагылдырылган. К. н. тарыхта Жуучу кандын чебереси болгон Ногойго (13-кылымда жашаган) караштуу эл. Кийинчерээк ногойлор деген эл жалпы аталып өзүнчө болуп калыптанган. Бул түрк-моңгол элдеринен куралган калк. Алтын-Ордонун жана ал кулаганда Ногой ордосунун курамына кай бир кыргыз уруулары киргенин эсепке алганда «Манас» эпосундагы К. н. тууралуу билдирүүлөр тарыхый чындыкты чагылдырган дешке болот.
И. Молдобаев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: